Ноокендеги мектепте окуучулар менен ата-энелер бирге окушту (сүрөт)

Ноокендеги мектепте окуучулар менен ата-энелер бирге окушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Ноокен районунун А.Төрөгелдиев атындагы орто мектебинде 14-февраль күнү USAIDдин окуу жөндөмүн күчөтүү боюнча «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында иш-чара өттү. Ага башталгыч класстардын окуучулары жана ата-энелер катышты.

Мугалимдер сабактарында долбоор сунуштаган усулдарды, көнүгүүлөрдү билгичтик менен максаттуу пайдалана алышты.

Иш-чарага 25 ата-эне, райондогу мектептерден 50дөн ашуун башталгыч класстын мугалимдери, Ноокен району боюнча улуттук тренерлер, USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун түштүк региону боюнча координатору Самара Юлдашева катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up