Ак-Талаадагы 4 мектепте зордук-зомбулукка жол бербөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө (сүрөт)

Ак-Талаадагы 4 мектепте зордук-зомбулукка жол бербөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 4 айылындагы орто мектепте өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Гүлмайрам Нурманбетова билдирди.

Маалым болгондой, өспүрүмдөр арасында кылмыш-кырсыктарды болтурбоо, жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук көрсөтпөө, мектеп рэкетчилигин алдын алуу, өзүн өзү өлтүрүү сыяктуу терс көрүнүштөргө жол бербөө максатында айылдагы окуучуларга жана жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул боюнча, кечээ, 14-февраль күнү акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, прокурор Астапа Казиев, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Улан Кубатов, райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Гүлмайрам Нурманбетова Кара-Бүргөн айылындагы Мукаш Базаркулов, Терек айылындагы Калый Молдобасанов, Жаңы-Тилек айылындагы Сабитакун Жусупбаев жана Ак-Чий айылындагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектептеринде аталган маселелер боюнча жыйын өткөрүп келишти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up