Ат-Башы районунда 11 миң 664 окуучу бар

Ат-Башы районунда 11 миң 664 окуучу бар

Билим АКИpress - Ат-Башы районунда учурда 11 миң 664 окуучу билим алууда. Бул тууралуу аталган райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ат-Башы районунда 21 мектеп, 21 балдар бакчасы, К.Кожоев атындагы балдардын билим берүү борбору, №32 кесиптик лицейи иш алып барат.

2018-2019-окуу жылында райондогу 21 орто мектепте жалпы 487 класс комплекти бекитилип, даярдоо классы менен бирге 11 миң 664 окуучу билим алууда. Жалпы билим берүүчү орто мектептерде педагогикалык кадрлар 99,5% камсыз болгон.

Т.Тынымбаев атындагы орто мектебине химия сабагы боюнча (8 саат), А.Керимбаев атындагы орто мектебине музыка сабагы боюнча (8 саат), С.Райымбеков атындагы орто мектебинде физика сабагы боюнча (14 саат) мугалим жетишпейт. Район боюнча окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин окуу китептери менен камсыз болуусу 66,8%ды түздү. Ал эми окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде окуу китептер 59,7% камсыздалган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up