Ак-Суунун прокурору көбүнчө кандай окуучулар кылмышка барышарын айтты (сүрөт)

Ак-Суунун прокурору көбүнчө кандай окуучулар кылмышка барышарын айтты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Суу районунун прокурору Алтынбек Жолдошбеков академик М.Мамакеев атындагы гимназияда «Кылмыштуулуктун алдын алуу иш-чаралары» аттуу лекция окуду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Иш-чарага Ак-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармасынын башкы адиси Улан Балбаев, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору Канат Байзаков, М.Мамакеев атындагы мектеп-гимназиясынын ата-энелер комитетинин төрагасы Сыртбай Абдыкеримов, Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Лена Кенжебаева, мектеп жетекчилиги, 9-10-11-класстардын окуучулары, ата-энелер катышышты.

А.Жолдошбеков өз сөзүндө мектеп окуучуларынын кылмыш жолуна барып жаткандардын көбү турмуш шарты оор, ата-энеси миграцияда жүргөндөр болуп, көзөмөл кылынбагандан келип чыгып жатканын билдирди. Ошондой эле мугалимдер мектеп жетекчилиги, айыл өкмөтүнүн соцкызматкерлери менен бирдикте иш алып баруулары керектиги айтылды. Ата-эненин, мугалимдердин эмгегин баалап, татыктуу билим-тарбия алуу ар бир окуучунун милдети. Мындан тышкары, кылмыштуулук, укук бузуулар жөнүндө кеңири айтып берди.

Андан соң жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору Канат Байзаков ар бир окучуунун жана алардын ата-энелеринин жоопкерчилиги жөнүндө кылмыш-жаза, укук бузуулар жөнүндө кодекстер менен тааныштырды. Улан Балбаев окуучулардын ата-энелери миграцияда болсо ишеним каттын негизинде туугандарына тааныштырып кетүү керектигин айтып өттү.

Мектеп директору Ракима Молдокеримова мектепте кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча штаб түзүлүп, ата-энелер менен бирдикте иш алып барылгандыгы, мектептеги каттоодо турган балдар менен өзгөчө иш-чаралар жүргүзүлүп, иштеп жаткандыгы жана мектептин жалпы ийгиликтери жөнүндө айтып өттү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up