Чаткалдык окуучулар райондук «Манас таануу» сынагында ат салышты

Билим АКИpress - Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы Т.Жаналиев атындагы орто мектебинде «Манас таануу» сынагынын райондук туру өттү. Ага район боюнча18 мектептен командалар катышты.

Сынакта белгилүү манасчылар калыстык кылышты. Катышуучуларга «Манас» эпосуна тиешелүү суроолор берилип, калыстардын сынынан өтүштү.

Жыйынтыгында 1-орунду С.Мырзалиев атындагы орто мектебинин окуучулары, 2-орунду Терек-Сай орто мектебинин окуучулары, ал эми 3-орунду Сумсар жана Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектептери алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up