Канттагы №2 мектеп-гимназида 2 чоң иш-чара өттү (сүрөт)

Канттагы №2 мектеп-гимназида 2 чоң иш-чара өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарындагы №2 К.Рыскулова атындагы мектеп-гимназиясында «Афганистан жүрөгүмдө» аттуу адабий-музыкалуу кече жана «Билим бийиктикке жеткирет» деген темада семинар болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептин директору Чынара Бакашова билдирди.

«Афганистан жүрөгүмдө» деген темада өткөн адабий-музыкалуу композициясында мугалим Сүйүн Жамакеева 4-класстын окуучулары менен окшош форма кийип, элдин купулуна толду. Ага улай башталгыч класстарды «Билим бийиктикке жеткирет» деген темада семинар болду.

Семинардын жүрүшүндө мугалим Эрмек Кайыпова математикадан «Өтүлгөн теманы кайталоо», Чынара Өмүрова мекен таануудан «Жер жана күн», Гүлнара Султаналиева адабий окуудан «Байчечекей», Кундуз Кыдырмышова адабий окуудан «Көз жаш», Нуржан Сооронбаева кыргыз тилинен «Этиштин чактары», Элмира Манапбаева математикадан «Акыл ордо», Сүйүн Жамакеева тарбиялык сааттан «Эл четинде жоо келсе, жан аяган жигитпи» деген темаларда ачык сабактарды өткөрүштү.

Райондун мектептеринен башталгыч класстардын мугалимдери келип, ачык сааттарга катышып, тажрыйба алмашып кетишти», - деди мектеп директору.

Мектеп башталгыч класстар арасында өткөрүлгөн «Эрудит» олимпиадасынан дайыма байгелүү орундарды алып келет. Мектеп шаардын так ортосунда жайгашкан кыргыз тилдүү гимназия. Анда 710 окуучу билим алса, 44 мугалим эмгектенет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up