Канттык окуучулар бокс боюнча Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров менен жолугушту (сүрөт)

Канттык окуучулар бокс боюнча Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров менен жолугушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын окуучулары, учак базанын учкучтары, «Жаӊы муун» өспүрүмдөрдүн аскер отряды белгилүү боксчу, Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жолугушууда спортчунун жашоосу, рингдеги ийгиликтери камтылган документалдык кинотасма көрсөтүлдү. Андан соӊ чемпион өзү залга чыгып, келген коноктордун алдында өзүнүн жашоосу жөнүндө, жетишкен ийгиктеринин сырлары менен бөлүштү. Келген коноктор кызыккан суроолоруна жооп алышып, иш-чара аяктаган соӊ аны менен сүрөткө түшүп, кол тамгасын алышты.

Орзубек Назаров 1966-жылы 30-августта Кант шаарында төрөлгөн. Ал бокс сүйүүчүлөр жана профессионалдар арасында өткөн беттештердин көбүн жеӊип алган. Тактап айтканда, бокс сүйүүчүлөр арасында 165 беттеш өткөрүп, анын 153үндө жеӊип алса, професионалдар арасында 27 жолу беттеш өткөрүп, анын 26сын жеңген. Алардын арасында 20сын нокаут менен жеӊген.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up