Оштогу билим берүү мекемелеринде Эне тил жумалыгы өтүүдө (сүрөт)

Оштогу билим берүү мекемелеринде Эне тил жумалыгы өтүүдө (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош шаарындагы мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында Эне тил жумалыгы өтүп жатат. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук каанасынын башчысы Т.Досмуратов билдиргендей, аталган жумалык 2014-жылдан бери салттуу түрдө ЮНЕСКО тарабынан бекитилген «21-февраль — Эл аралык эне тил күнүнө» карата апта бою белгиленет.

Маалыматка ылайык, бул саамалык көп улуттуу Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде иштеп, окуп, тарбияланып жаткан бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү шарттарын түзүү максатында уюштурулуп келет.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын буйругуна ылайык, быйыл да Эне тил жумалыгы 18-22-февраль күндөрү өтүп, анын алкагында шаардагы бардык билим берүү мекемелеринде майрамдык иш-чаралар, бир жума бою ачык сабактар, тарбиялык сааттар менен талкуулар уюштурулууда. Мындан сырткары, 20-февраль күнү жаш мугалимдердин арасында «Сармерден» сынагы уюштурулуп, түрдүү этностордун эне тили менен маданиятын чагылдырган программа менен коштолмокчу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up