Кемин районунда окуучулар Ооган ардагерлерине таазим кылышты (сүрөт)

Кемин районунда окуучулар Ооган ардагерлерине таазим кылышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Кемин районуна караштуу К.Шаболотов атындагы Кара-Булак орто мектебинде 2019-жылдын 15-февралында совет аскерлеринин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 30 жылдыгына карата «Ооган жоокерлери — биздин сыймыгыбыз!» аттуу кече өткөрүлдү. Аталган иш-чарага райондогу мектептердин тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ооган согушунун ардагерлеринин баатырдыгын, мекенчилдигин, патриоттуулугун даңазалаган көркөм окуулар, Ооган согушунда окко учкан баатырлар жана уулун жоготуп кан жуткан энелердин көз жашын чагылдырган сахналаштырылган көрсөтүүлөр таланттуу окуучулар тарабынан аткарылды. Ошондой эле согуштун чыгуу себептерин, жүрүшүн чагылдырган слайд көрсөтүлүп, баяндама окулду. Кече чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Тарыхка кайрыла турган болсок, Кыргызстандан Ооган согушуна 7 миң 400 жоокер барган. Алардын ичинен 300дөн ашууну курман болуп, 1,5 миндейи жаракат алышкан. 2 кыргызстандык жоокерге «Советтер Союзунун Баатыры» наамы берилген.

Кемин районунда Ооган согушуна катышкан 97 ардагер бар. Ал эми Кара-Булак айылынан 5 адам катышкан. Алар: Сейитказиев Сланбек, Усубалиев Бакыт, Джакупов Марсбек, Өмүрсултанов Эмилбек, Мелисов Маратбек, Чотбаев Абдыгул. Бул сыймыктуу адамдар менен жолугушуулар жаш жеткинчектерге жыл сайын 15-февралда уюштурулуп келет.

Ушундай эле иш-чара Кемин районунун жалпы мектептеринде өткөрүлдү. Анда класстык тарбиялык сааттар, викториналар, ар түрдүү класстан тышкаркы иш-чаралар өтүлдү. Ооган алааматында курман болгон ардагерлер эскерилип, таазим кылынды. Ошондой эле ардагерлерге сый-урмат көрсөтүлүп, жылуу тилектер айтылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up