Мугалимдер.kg: Канчалык чарчап, чаалыкканыма карабай, мектеп өзүнө тарта берет, - тоӊдук Дамира Байызова

Жаңылыктар | 16:41, 19-февраль 2019 | Жаңыртылган 01:41, 19 март 2019 | 1 630
Мугалимдер.kg: Канчалык чарчап, чаалыкканыма карабай, мектеп өзүнө тарта берет, - тоӊдук Дамира Байызова

Билим АКИpress басылмасы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда билим берүү майданынын түйшүктүү милдетин аткарып келе жаткан мугалимдер тууралуу сөз болот. Биздин кезектеги каарманыбыз — Ысык-Көл облусунун Тоӊ районуна караштуу Кара-Талаа айылындагы Болот Алаков атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Дамира Байызова.

Ал 33 жылдан бери эл агартуу тармагында эмгектенип келе жатат. Райондук, облустук жана Билим берүү министрлигинин ардак баракчалары менен сыйланган ардактуу мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мугалимдик кесипти өзүм жакшы көрүп, тандап алгам. Эмнегедир, окуучуларга билим берүүнү бала кезден кыялданчумун. Ошол кыялыма жеттим десем болот. Эртеден кечке эмгектенип, талыкпай иштеп, коомдо мыкты инсандарды тарбялап өстүрсөм деп тилек кылам. Жан дүйнөӊ менен берилип, сүйүп иштеген кесибиӊ кимге гана рахат тартуулабасын! Канчалык чарчап, чаалыкканыма карабай, мектеп өзүнө тарта берет. Жайкы эс алууда окуучуларымды кадимкидей сагынып калам. Менин окуучуларым башталгыч класстын балдары болгондуктан, аларды ар бир жайкы эс алуудан кийин көрүү кандай бакыт. Алар келгенде бир жашка чоӊоюп, балалык кыялдары калып, токтолуп бараткандарын байкайсыӊ.

Менден билим алып кеткен окуучуларым жашоодо өз ордун таап, өздөрү тандаган кесиптердин ээси болуп, алды Дубай, Түркия мамлекеттеринде эмгектенип жүрүшөт. Азыр окутуп жаткан окуучуларым да «Жыл окуучусу» сынагында баш байгени дайым алып келишсе, жогорку класска көчүп кеткендери жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упайларга жетишүүдө. Окуучуӊ ийгиликке жетип турса, мугалимдин сыймыгы эмеспи. Ичиӊден кудуӊдап, сүйүнөсүӊ. Эмгегиӊ текке кетпегенине ичиӊ жылып, көзүӊө жаш аласыӊ», - деп айтып берди ал.

Ардактуу мугалим 1968-жылы Тоӊ районунун Карл Маркс айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 10 бир туугандын бешинчиси. «1975-жылы 1-класска кирип, 1983-жылы 8-классты аяктадым. Караколдогу педагогикалык окуу жайда окугам.

Эмгек жолумду Кара-Балта шаарындагы бала бакчада иштеп баштагам. 1988-жылы кара-талаалык жигитке турмушка чыктым. Ошол кезден азыркы убакка чейин Б.Алаков атындагы (мурунку В.Ленин атындагы) мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенип келе жатам. 6 жолу башталгыч класстын окуучуларын бүтүрүп, жогорку класска узаттым. Ал ортодо декреттик өргүүлөргө да чыктым», - деди ал.

Дамира Байызова жолдошу Абдыкапар Абдрахманов менен бактылуу үй-бүлөнү куруп, 4 кыз жана 1 уулду тарбиялап өстүрүштү. «Жолдошум менен бирге түтүн булатып, 4 кыз жана 1 уулду тарбиялап өстүрдүк. Алина, Аймира аттуу улуу кыздарым өздөрүнүн турмуш жолдоруна аттанышкан. Алар 3төн баланын апалары болушту. Андан кийинки Уулжан аттуу кызым Бишкек шаарында жогоркуу окуу жайда билим алса, уулум кесиптик техникалык окуу жайдан билим алып келди. Кичүү кызым Аэлита 4-класста билим алууда», - деп айтып берди мугалим үй-бүлөсү тууралуу.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up