Азия Кубогунда ойногон студент Айзар Акматов: «Бутум жаӊы басканда эле топ тээп баштагам»

Азия Кубогунда ойногон студент Айзар Акматов: «Бутум жаӊы басканда эле топ тээп баштагам»

Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Кезектеги биздин каарманыбыз — Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 3-курсунун студенти Айзар Акматов. Ал Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын коргоочусу, Катарда өткөн Азия Кубогуна катышты.

Футболчу 1998-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси. Өзүнөн улуу агасы жана өзүнөн кичүү 2 карындашы бар.

«Мен Бишкек шаарындагы №67 окуу-тарбия комплексинде билим алгам. Учурда Бишкек шаарындагы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин 3-курсунун студентимин. Мен футбол менен аябай эле кичинекей кезимде алектене баштадым. Айтсам таӊ калычтуу болор, бирок, бул чын. Мен бутум жаӊы баскан кезимде эле топ тээп ойночу экенмин. Ал эми 6 жашымда өспүрүмдөрдүн футбол ийриминде мыктылардын катарын толуктап, чөйрөмдө атактуу болгом. Менин эң алгачкы тайпам «Алга» болду. Эӊ биринчи машыктыруучум Владимир Александров эле. Арабыздан мени менен чогуу машыгып баштаган футболчулар азыр профессионалдык мелдештерге катышып жүрүшөт. Айтсам, Кутман Кадырбеков учурда мени менен «Дордой» курамасында ойноп жүрөт. Нуртай Курмантай уулу жана Жанболот Ырысбек уулу «Алга» тайпасы менен болсо, көпчүлүккө таанымал болгон Ильзат Ахметов Москвадагы «ЦСКА» тайпасында ойноп жүрөт. Биз досторум болуп, футболдо ийгиликтерди жараткыбыз келет.

Мен футболду сүйөм деп айтуудан мурун, бир нерсени айткым келет: Мен футболсуз жашоомду элестете албай калдым. Муну менен мен бардык нерсени айттым окшойт. Футбол жөн гана оюн эмес. Бул түшүнгөн кишиге оюндан да жогору!», - деп айтып берди Айзар.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up