Исфанада бала бакчалар менен ата-энелердин байланышын күчөтүү маселеси талкууланды (сүрөт)

Исфанада бала бакчалар менен ата-энелердин байланышын күчөтүү маселеси талкууланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата 16-февраль күнү Исфана шаардык башкармалыгына караштуу Голбо айылындагы «Керемет-Голбо» балдар бакчасында семинар-тренинг болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чаранын максаты — энелердин руханий байлыгын өнүктүрүү, ата-энелердин көңүлүн эрте курактагы балдарынын таалим-тарбиясына буруу, бакчага тартылбаган аярлуу катмардагы балдарды мектепке чейинки билимди алууга жана коомго кошулууга, өз курактуу балдар менен мамиле түзүп, ойноого тарбиялоо.

Семинарда тренер-аниматор Аида Сайдалиева райондогу бала бакчалардын тарбиячыларын долбоор менен тааныштырды. Андан кийин аталган бала бакчанын жетекчиси Жүмагүл Тилекеева «Энелер мектеби» жана «Оюн аянтчалары» долбоорлорун айкалыштырып иштөөнүн пайдалуулугу боюнча лекция окуду. Акырында бала бакча тарбиячылары 2 топко бөлүнүп, оюн аянтчаларында ойнолуучу оюндардан практика жүзүндө көрсөтүп беришти.

Жыйынтыгында райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук каанасынын башчысы Назипат Эралиева бул долбоор ата-энелер менен бала бакча байланышын өөрчүтө турган долбоор экенин, мындан ары да башка бала бакчаларга жайылтууга көмөктөшөрүн айтып, тренер-аниматор Аида Сайдалиевага ыраазычылык билдирди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up