Токолдордун балдарындай: Өкмөт өкүлү Илимдер академиясынын жыйынынан кетип калды

Токолдордун балдарындай: Өкмөт өкүлү Илимдер академиясынын жыйынынан кетип калды

Билим АКИpress - Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын жалпы жыйынына жооптуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова келген жок. Ал эми анын ордуна келген бөлүм башчы Жанна Саралаева сөз сүйлөп бүткөндөн кийин иш-чараны таштап кетти.

Корреспондент-мүчө Роман Оморов мындай мамилени Кыргызстандагы илимге өкмөттүн кызыкчылыгы жок деп баалады. «Мына, илимге болгон мамиле. Бөлүм башчы аягына чейин отурса болот беле?!», - деди ал ал трибунадан сөз алып.

Өкмөттүн өкүлү Ж.Саралаева А.Өмүрбекова белгилүү бир себептерден улам жыйынга келе албай калганын айткан.

Роман Оморов өз сөзүндө академиктер менен корреспондент-мүчөлөрдүн статусуна кабатырланып жатканын билдирди. «Токолдордун балдарына мамиле кылгандай», - деп салыштырды ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up