Чүйдүн бир катар билим берүү мекемелеринде өрт коопсуздук эрежелери айтылды (сүрөт)

Чүйдүн бир катар билим берүү мекемелеринде өрт коопсуздук эрежелери айтылды (сүрөт)

Билим АКИpress - ӨКМдин Чүй облусундагы райондук куткаруу бөлүмдөрү бир катар мектептерде, бала бакчаларда жана колледждерде өрт коопсуздук эрежелери боюнча нускамаларды өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Москва райондагы Беловодское айылынын балдар үйүнүн тарбиялануучуларына нускама, Токмок шаарынын ТИПК колледжинин студенттерине, Кемин районундагы №1, №3, №2 жанан Новопокровка орто мектептеринде өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жөнүндө ачык сабак жана өрт коопсуздук эрежелери боюнча нускама болуп өттү.

Бул иш-чаранын максаты — келип чыккан өрт кырсыктарын азайтуу», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up