Ырдап, комузда кол ойноткон Адина Таабалдиева алгачкы студенттик күндөрүн эске салды (видео, сүрөт)

Ырдап, комузда кол ойноткон Адина Таабалдиева алгачкы студенттик күндөрүн эске салды (видео, сүрөт)

Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Кезектеги биздин каарманыбыз — Адина Таабалдиева. Ал бала кичине кезинен чыгармачылыкка кызыгып, ырдап, комуз черткенди үйрөнгөн. Жаш талант алгачкы студенттик күндөрүн эстеп, чыгармачылык жолунун башталышы жана ата-энеси тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Адина 1998-жылы 17-августта Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында төрөлгөн.

«Студент кезде эстен кеткис күндөр көп эле болгон. 1-курска жаӊы келген кезибиз. Турганай аттуу курбу кызым экөөбүз убактылуу батирге чыктык. Өз алдыбызча жашоого тажрыйбабыз жок болчу. Астыбызга салганга жука бир төшөк гана бар эле. Бир күнү эшикте жамгыр төгүп кирди. Түндө жатарга келгенде ошол жер төшөктү экөөбүз эптештирдик. Чынын айтсам, үйдө ата-энемдин жанында, жылуу жуурканда жатып көнгөн жаным, алдыман сыз өтө баштады. Үстүбүзгө плед жамындык. Ал дагы, мен дагы бул жөнүндө сөз кылган жокбуз. Ал деле мен сыяктуу ар кандай ойду ойлоп жатса керек. Мен болсо, «Жашоо деген ушундай турбайбы. Студенттик күндөр ушунусу менен кызыктуу болсо керек. Муну да көрүшүбүз керек» деген ойлорду ойлоп жаттым. Чынын айтсам, астыбыздан жука төшөк өтүп, таӊ аткыча кирпик какпай жаткам. Азыр ошол студенттик алгачкы күндөрдү бир жылмаюу менен эстеп калам», - деди ал.

Адина окуучулук кезинде үйрөнгөн комуз өнөрүн кийин Т.Сатылганов атындагы 2 жылдык студияда уланткан. «№1 Макмал орто мектебин аяктагам. Ага удаа 3-классымдан 8-класска чейин айылдагы чыгармачыл мектебинен 5 жыл комуздан билим алдым. Ошентип, 11-классты бүтүп, Бишкекке келдим. Борбор калаадан Т.Сатылганов атындагы 2 жылдык студияда комуз бөлүмүн аяктап алдым.

Өзүм кичинекей кезимен эле ырдачумун. Бардык тилде ырдай берем. Кайсы тилде болбосун, аны бат өздөштүрүп, ырдап кетүү жөндөмүм бар. Азыр заманга жараша элдик танаттар өздөрүнүн ырдаган видеолорун социалдык тармактарга жүктөп калышпадыбы. Мен да элден калбай, өзүмдүн ырдап түшкөн видеолорумду жүктөп турам. Окурмандар абдан жакшы каалоо-тилктерин айтышат.

Ырчылык өнөрдү андан ары өркүндөтүп, улап кетишиме апам менен таятамдын салымдары чоӊ. Ата-энеме аябай ыраазымын, мени эч нерседен кем кылбай чоӊойтушту. Негизи, мен таенем менен таятамдын колунда өсүп-чоӊойдум. Учурдан пайдаланып, мен аларга терең ыраазычылыгымды билдирем», - деди ал.

Адина үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу. «Менден кийин 1 сиӊдим жана 1 иним бар. Келечекте максаттарым абдан көп. Ата-энемди, мени сыйлаган түшүнүктүү бир жакшы жигитке турмушка чыксам дейм. Келечекте бактылуу жар, анан чоӊ ырчы болсом деген оюм бар», - деп сөзүн жыйынтыктады жаш ырчы.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up