Мугалимдер.kg: Таластык Б.Кадыркулова: Жашоодо дагы кесип тандоо мүмкүнчүлүгү берилсе, кайрадан мугалимдик кесипти тандамакмын

Мугалимдер.kg: Таластык Б.Кадыркулова: Жашоодо дагы кесип тандоо мүмкүнчүлүгү берилсе, кайрадан мугалимдик кесипти тандамакмын

Билим АКИpress басылмасы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда билим берүү майданынын түйшүктүү милдетин аткарып келе жаткан мугалимдер тууралуу сөз болот. Биздин кезектеги каарманыбыз — Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын 52 жаштагы тургуну Бактыгүл Кадыркулова. Ал 29 жылдан бери окуучуларга билим берип келет. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

«Мен 1967-жылы 25-декабрда Талас облусуна караштуу Арал айылында төрөлгөм. Өзүм 1985-жылы 10-классты бүтүрдүм. Андан кийин Кыз-келиндер педогогикалык институтуна тапшырып, 5 жыл окуп, 1990-жылы физик-математик адистигин алып чыктым. Алгачкы эмгек жолумду 1990-жылы Кара-Буура районуна караштуу Кайнар айылынан баштадым. Ал жакта 1992-жылга чейин иштеп, Көк-Сай айылына которулуп келдим.

29 жыл мектепте иштеп, 5-6 классты бүтүрдүм. Көп эле кызыктуу окуялар баштан өттү. Айта кетсем, «Көк-Сай» орто мектебинде иштеп жүргөндө боюмда бар болчу. Анан мугалимдердин жыйын залында сабак башталышын күтүп, диванга отурган бойдон уктап кетипмин. Анан мен сабак берип жүргөн класста Бекзат деген эң алдыңкы окуучу балам бар эле. Ал келип алып, «эжеке турбайсызбы, бизге азыр сабак берет экенсиз го» деп ойготуп кетти. (күлүп).

Негизи физика менен химия байланышкан да. Анан кээ бир окуучулар химия менен физика эмне экенин билбей, айырмалай албай, дептер текшерип келе жатканда химиядан физика дептерин, физикадан химия дептерин көрсөтөт. Кызыктуу учурлар көп болот.

Мен мугалимдик кесипти таңдап алганымдын себеби — биздин мектепте Жаныш деген математик агайыбыз бар болу. Сабак бергенде математиканы аябай кызыктуу өтчү. Анан ошол агайымдын аркасы менен ушул кесипти тандап алдым деп ойлойм. Жаныш агайым эң биринчи жооп берип, эң биринчи сабагын аткарган адамды доскага чыгарып алып, мугалим кылып, окуучуларды текшертчү. Мен да доскага чыгып, окуучуларды текшерчүмүн. Окуучуларды текшерип, өзүңдү мугалим сезип сүйүнүп, кыялданып каласың да (күлүп). Эгер мага бул жашоодо кайрадан кесип тандоо мүмкүнчүлүгү берилсе, мен кайра эле мугалимдик кесипти тандамакмын.

Ушунча жыл мугалим болуп, райондук, областтык олимпиадаларга окуучуларды даярдап, алар алдыңкы орундарга илинчү. Мен Көк-Сайга келгенден бери физика мугалими болуп эмгектенип келем. Акыркы 1 жылдын ичинде математикадан сабак берип жатам.
Эмгегимдин аркасы менен өкмөттөн, областтан, райондон, мектептен ар кандай ардак громаталарды алдым.

Окууну бүткөндөн кийин институт тарабынан Кара-Буура районунун Кайнар айылындагы орто мектепте бөлгөм. Ошол айылга коңшу жайгашкан Көк-Сай айылында жашаган Турат аттуу бала менен таанышып калгам. Көк-Сайдан Кайнарга унаа каттабагандыктан, ал жигит мени дайыма Таластан келе жатканда тосуп алып, Кайнарга жеткизчү. Ошентип, кесибимдин аркасында түгөйүмдү таап, аны менен менен баш кошуп калганбыз», - деп айтып берди Бактыгүл Кадыркулова.

Мугалим үй-бүлөлүү, 5 баланын апасы.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up