Президент С.Жээнбеков Кадамжайдагы №8 лицейдин алдындагы «Өндүрүштүк комплекстин» ишине баа берди

Президент С.Жээнбеков Кадамжайдагы №8 лицейдин алдындагы «Өндүрүштүк комплекстин» ишине баа берди

Билим АКИpress - Президент Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 20-февралда Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кадамжай районунун Караван айылындагы №8 лицейдин алдындагы «Өндүрүштүк комплекске» барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Лицейдин директору Махабат Касымова жана «Өндүрүштүк комплекстин» жетекчиси Бакытбек Кыпчаков комплекстин ишмердүүлүгү жана милдеттери жөнүндө маалымат берди.

Алардын маалыматы боюнча, «Өндүрүштүк комплекстин» максаты — жаңы жабдыктардын жардамы менен атайын орто билим алып жаткан окуучуларды окутуу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келген компетенттүү адистерди даярдоо. Комплексте окуучулар автоунааларды сырдоо, моторлорду оңдоо, ширетүү, токардык иштер, электродиагностика, желимдөө, май алмаштыруу, унааларды жууп-тазалоо иштери менен алектенишет.

«Өндүрүштүк комплекс» 2020-жылда кирешесин 10 млн сомго чейин көбөйтүүнү, ошондой эле лицейдин бүтүрүүчүлөрүнүн жеке бизнесин ачуу үчүн шарттарды түзүү, калкка кызмат көрсөтүү жана жаңы жумуш орундарын түзүүнү пландаштырууда.

Мамлекет башчысы комплекстин ишмердүүлүгү менен таанышып, лицейдин эмгек жамааты жана окуучулар менен маектешти. Ал эмгек рыногу талап кылган адистерди даярдоо зарылдыгын белгилеп, учурда өлкө айыл чарба жана кайра иштетүү тармагындагы адистерге муктаж экендигин кошумчалады.

Мамлекет башчысы практикалык жол менен механик адистерин даярдап жаткан «Өндүрүштүк комплекстин» ишмердүүлүгүнө оң баа берди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up