Бакай-Атадагы окуучулар менен мугалимдерге өрттөн кантип сактануу керектигин айтышты (сүрөт)

Бакай-Атадагы окуучулар менен мугалимдерге өрттөн кантип сактануу керектигин айтышты (сүрөт)

Билим АКИpress - 20-февраль күнү Бакай-Ата районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тарабынан Бакай-Ата айылынын тургундарына жана Баратбек Жунусов атындагы орто мектептин мугалимдери менен 135 окуучусуна түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарада өрт кырсыктарын алдын алуу тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле аталган айылдагы 142 үйдүн 394 жаранына өрт чыккан учурда эмне кылуу керектиги жөнүндө айтып беришти.

Б.Жунусов атындагы орто мектептин 5-класстарынын окуучулары арасында «Өрт кырсыгынан сак бололу» темасында сүрөт тартуу сынагы өтсө, 10-11-класстар арасында күжүрмөн кийимин кийүү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө ардак грамоталар жана мактоо баракчалары тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up