Кочкордогу мектептерде кылмыштуулулктун алдын алуу иштери жүрүүдө

Кочкордогу мектептерде кылмыштуулулктун алдын алуу иштери жүрүүдө

Билим АКИpress - Кочкор районундагы мектептерде жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, укук бузууларды, суицидди болтурбоо максатында иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, Кочкор айылынын И.Арабаев, Н.Жүндүбаева атындагы орто мектептеринде жана Кум-Дөбө айылынын К.Мырзабеков атындагы орто мектебинде мугалимдерге, окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарага Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын өкүлдөрү, Нарын облустук казыятынын, Кочкор районунун имамы Жеңиш Арзымкожоев катышып, азыркы учурдагы өспүрүмдөр арасында болуп жаткан терс көрүнүштөр, кылмыштуулук жөнүндө айтып беришти. Иш-чара аңгемелешүү, суроо-жооп иретинде өттү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up