Кеминдеги мектептерде Эл аралык эне тил күнү белгиленди (сүрөт)

Кеминдеги мектептерде Эл аралык эне тил күнү белгиленди (сүрөт)

Билим АКИpress - 2019-жылдын 21-февралында Кемин районунун А.Аширбаев атындагы Кызыл-Октябрь орто мектебинде Эл аралык эне тил күнү белгиленди. Бул тууралуу аталган райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Асылкүл Мурзалиева билдирди.

Иш-чаранын негизги максаты — Кыргызстанда жашаган башка улуттардын эне тилдерин натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, башка этностордун тилдерин өз деңгээлинде белгилөө менен эне тилибиздин беделин көтөрүп, аны өнүктүрүүгө мыкты шарттарды түзүү, ар бир этностун өз ара карым-катышына шарт түзүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тили жана адабияты мугалими Г.Абдыкеримова 5-класска «Өнөрлүү бала», кыргыз тили жана адабияты мугалими А.Артыкбаева 7-класска «Чакчылдарды уюштуруучу мүчөлөр», орус тили жана адабияты мугалими Г.Абдыкеримова 7-класска М.Горькийдин «Легенда о Данко», орус тили жана адабияты мугалими А.Исакова 4-класска «Животные — наши помощники» , англис тили мугалими Ж.Абдразакова 8-класска «Ангилийский язык международного общения» аттуу ачык сабактарды өткөрүштү.

Ал эми класс жетекчилер тарабынан 21-февраль — Эл аралык эне тил күнүнө карата класстык сааттар өтүлдү. Е.Лобова 2-класска «Любовь к языку не знает границ», К.Толокова 3-класска «Эне тили — улуу тил, Манас бабам сүйлөгөн», Ж.Кабылбаева 10-класска «Родной язык — душа народа» аттуу көрсөтмөлүү класстык тарбиялык сабактарды өтүштү. Ошондой эле «Элдин улуулугу — анын тили менен маданиятында» аттуу адабий-музыкалык кече уюштурулду.

Иш-чарага Кемин районунун жалпы мектептеринин тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары, предметтик мугалимдер жана райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Айгүл Курманалиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Асылкүл Мурзалиева катышты.

Ушул эле иш-чара «Улуттар аралык, ынтымак, достук жана кечиримүүулүк» деген ураан менен райондун бардык мектептеринде салтанаттуу түрдө өткөрүлдү. «Өлкөбүздүн бардык жарандарынын улуттук баалуулуктарын урматтайлы» аттуу мыкты дилбаян, реферат, эссе, сүрөт, көркөм окуу сынактары жана ачык сабактар, класстан тышкаркы ар турдуу маданий иш-чаралар уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up