Жаңы-Тилек айылындагы мектепте Эне тил күнү белгиленди (сүрөт)

Жаңы-Тилек айылындагы мектепте Эне тил күнү белгиленди (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Тилек айылындагы Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектебинде Эне тил күнүнө карата семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептин директору Мирбек Чырмыев билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектепте 21-февраль — Эл аралык эне тил күнүнө карата «Ар бир тил өз элине улуу» аталышындагы семинар өтүп, ага райондогу бардык мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышты.

Семинардын жүрүшүндө райондук билим берүү бөлүмүнүн методисттери Жылдыз Алымбаева, Астра Токтогулова тренинг өтүшсө, ал эми кыргыз тили мугалими Алтынчач Койчуманова, Диана Эсенбекова, китепканачы Асылкүл Турдалиева ачык сааттарды өтүштү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up