Оштогу билим берүү мекемелеринде Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленүүдө (сүрөт)

Оштогу билим берүү мекемелеринде Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленүүдө (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош шаарындагы мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнү белгиленүүдө. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, аталган майрам ушул жуманын башынан бери советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгын 30 жылдыгын белгилөө менен коштолууда.

Маалыматка ылайык, бул саамалык Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде иштеп, окуп, тарбияланып жаткан бардык мекендештерибиздин мекенчилдик сезимин күчөтүү, тарбиялоо иштерин жакшыртуу максатында уюштурулуп жатат.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын буйругуна ылайык, бул күндөрү шаардагы бардык билим берүү мекемелеринде майрамдык иш-чаралар, ачык сабактар, тарбиялык сааттар, талкуулар, ооган ардагерлери менен жолугушуулар өтүүдө. Мындан сырткары, бала бакчадагы балдардын, ошондой эле мектеп окуучуларынын арасында патриоттук ырларды аткаруу боюнча сынактар уюштурулуп, жаш таланттар сыйланууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up