Бер-Булак айылындагы мектептин окуучулары аскердик форма кийип, мелдешке түшүштү (сүрөт)

Бер-Булак айылындагы мектептин окуучулары аскердик форма кийип, мелдешке түшүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу О.Турсуматов атындагы Бер-Булак орто мектебинде «Эр жигит — эл четинде, жоо бетинде» аттуу аскердик оюндар боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, аталган мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Жылдыз Салманова билдирди.

«Бул иш-чараны жогорку класстын окуучулары жана мектеп парламентинин күчү менен даярдадык. Анда «Ак шумкар», «Туйгундар», «Ата Мекен», «Бөрүлөр», «Скорпион», «Көк-Бөрү» командалары күч сынашты. Мелдеште патриоттук ырлар, марш басуу, үй тапшырмалар жана эстафета оюндары боюнча тапшырмалар аткарылды. Ошондой эле спорттун кол күрөш, аркан тартыш түрлөрү боюнча да күч сынашты», - деди ал.

Аталган мелдеште 1-орунду «Көк-Бөрү» командасы, 2-орунду «Скорпион» командасы жана 3-орунду «Ата Мекен» командасы алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up