Канттагы №2 мектеп-гимназиянын мугалими менен окуучулары ата-энени сыйлоого чакырышты (сүрөт)

Канттагы №2 мектеп-гимназиянын мугалими менен окуучулары ата-энени сыйлоого чакырышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Кант шаарындагы №2 К.Рыскулова атындагы мектеп-гимназиясында математика мугалими Айгүл Сагалиева, Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата 9-класс менен бирге иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин мугалимдери билдиришти.

«Окуучулар аталарды, байке-инилерди куттуктап, Альбина, Мальбина аттуу эгиз кыздардын комузунун коштоосунда англис тилинде ыр ырдашты. Азыркы күндөгү көйгөйлүү темалардын бири — балдардын үйдөн качып кетүүсү боюнча образ жаратышып, ата-энени сыйлоого чакырык жасашты. Бул ролду Мухамед кызы Толгонай аткарып, ата-эненин эмгегин баалоого чоӊ басым коюлду. Мугалим Айгүл Сагалиева өзү да кыргыз көйнөк кийип, кыздары менен чогуу бийлеп берди», - деп билдиришти мугалимдер.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up