Караколдо студенттер арасында жоокер ырларын аткаруу боюнча сынак өттү (сүрөт)

Караколдо студенттер арасында жоокер ырларын аткаруу боюнча сынак өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Каракол шаарындагы «Толкун» эстетитикалык борборунда студенттер арасында 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата патриоттук ыр аткаруу сынагы өттү. Бул тууралуу fqvfrnsr кабарчы маалымдады.

Сынакка Ооган согушунун жана Баткен окуясынын ардагерлери катышып, калыстык кылышты. Студенттер согуш, ата мекен тууралуу ырларды аткарышты.

«Иш-чара эки муундун ынтымагын чыңдоо, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо жана аларга жигиттик дем-күч берүү максатында уюштурулду», - дейт ардагер Т.Малаев.

Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up