Нарындагы спорт мектептин 25 тарбиялануучусу республикалык турнирлерден байгелүү кайтышкан

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы С.Бекмамбетов атындагы эркин күрөш боюнча адистештирилген олмипиадалык резервдеги балдар спорт мектебинин 25 тарбиялануучусу Бишкек, Кара-Балта, Балыкчы шаарларында жана Сокулук, Ак-Талаа райондорунда өткөрүлгөн эл аралык турнирлерге, эркин күрөш боюнча биринчиликтерге катышып, байгелүү орундарды алышкан. Бул тууралуу аталган спорт мектептен билдиришти.

Спорт мектептин 10 тарбиялануучусу 1-орунду, 4 тарбиялануучу 2-орунду, 11 тарбиялануучу 3-орунду камсыз кылышса, 2 тарбиялануучу 5-орунду алышкан. Ал эми 2 балбан Иран мамлекетинде өткөн Азия оюндарына жолдомо алып, улуттук курама команда менен биргеликте өлкө намысын коргоп келишти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up