Нарындагы №1 Токтогул мектебинин окуучулары арасында сармерден оюну өттү (сүрөт)

Нарындагы №1 Токтогул мектебинин окуучулары арасында сармерден оюну өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы №1 Токтогул атындагы орто мектебинде окуучулар арасында сармерден оюну уюштурулду.

Аталган мектепте мындай иш-чара окуучулар арасында алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Ага ата-энелер жана жогорку класстын окуучулары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Оюндун жүрүшүндө ыр-бийлер, көркөм окуулар, жаңылмачтар, табышмактар аткарылып, улуттук оюндар көрсөтүлдү. Калыстар тобу ар бир тапшырмага баа беришип, аткаруучулук чеберчилиги боюнча өз өйлорун айтып турушту. Окуучулардын сармерден оюну көрүүчү катары келген шаар жетекчилери менен коноктордун алкоосуна татыды.

Аталган мектептин директору А.Кыдыралиева сармерден оюну окуучулар арасында достукту бекемдөө, аларга шык берүү максатында уюштурулганын айтты. Оюндун жыйынтыгында кыздар командасы жеңишке жетишти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up