Москва районундагы мектепте соцпедагогдор толеранттуулукту талкуулашты (сүрөт)

Москва районундагы мектепте соцпедагогдор толеранттуулукту талкуулашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Москва районундагы Бердигул атындагы орто мектебинин базасында соцпедагогдордун семинары өтүлдү. Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери, окуу-тарбия мекемелеринин соцпедагогдору, айыл өкмөтүнүн соцкызматкери жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын өкүлдөрү катышышты.

Семинар «Баарыбыз бирдейбиз» деген теманын алкагында өткөрүлүп, толеранттуулукка тарбиялоо, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана зордук-зомбулукка бөгөт коюу маселелерин негиз тутту. Өтүлгөн иш-чаранын жүрүшү, толеранттуулукка тарбиялоонун
маселелери, соцпедагогдордун ишмердүүлүгү жаатында райБББнүн жетектөөчү адиси Наргиза Умарова аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, өлкөбүздө 2018-жылдын 25-декабрынан баштап, 2019-жылдын 25-февралына чейин балдарга зомбулуктун бардык түрүн көрсөтпөө боюнча чара көрүүнүн 2 айлыгы өтүлүүдө. Коомубуздагы көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн механизмдерин издөөнү, тажрыйба алмашууну негиз туткан семинардын өзөгүнүн бири — толеранттуулукка тарбиялоого багытталган.

Семинарда «Биз толеранттуу болобуз», «Үй-бүлө, ынтымак, кечиримдүүлүк», «Бирге болсок – баарын жеңебиз», «Толеранттуулук тынчтыктын башаты», «Толеранттуулук – адамдагы баалуулук» ж.б. темаларда көргөзмөлүү ачык сабактар өз тутумундагы активдүү формаларда өткөрүлдү. Өзгөчө, сахналаштырылган көрүнүштөр, макал-лакаптарды чечмелөө, элдик уламышка негизделип элдик педагогиканын таасирдүүлүгү чагылдырылды. Мындан сырткары, «Учак», «Ак карга», «Сыйкырдуу дүкөн» аттуу оюн-сабактар педагогикалык кызматташтыктан үлгүсүн көрсөттү. Эң башкысы — семинардан сабак алдык. Соцпедагогдор коомдогу өсүү, жетилүү, өзгөрүү процесстерин ар дайым сезе билип, окутуу-тарбиялоодо чыгармачылык менен иштөөсү абзел. Мындай иш-чараны өткөрүүдө мектептин директору, Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасынын ээси Гүлнара Маматова, мектептин соцпедагогу З.Акматованын уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү жогору экендиги бааланды. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны изилдөө, үйрөнүү, топтоштуруу, жайылтууда семинарлардын байма-бай өткөрүлүп турушу билим сапатын көтөрүүгө, таасирдүү тарбия берүүгө негиз болот», - деди жетектөөчү адис.

Мезгил талабына шайкеш сабак өтүшкөн алдыңкы чыгармачыл мугалимдер: Ж.Болжобекова, К.Иманалиева, К.Абдыкеримова, А.Бектемирова, Э.Салбарова өз педагогикалык-методикалык
ишмердүүлүгүндө семинар туу туткан максат-милдетти ачыкташкан. Соңунда окуучулардын өздүк көркөм чыгармачылыгынан концерт тартууланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up