Студенттик күндөр: Активист Баястан уктап калганда бетин кооздоп, боёп салган тайпалаштарын унутпайт

Студенттик күндөр: Активист Баястан уктап калганда бетин кооздоп, боёп салган тайпалаштарын унутпайт

Студенттин жашоосу кызыктуу, көңүлдүү, кээде кыйынчылыктар менен өтөт. Билим АКИpress басылмасы жаштардын түйшүктүү күндөрү, башынан өткөргөн кызыктуу окуялары тууралуу баяндайт.

Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенти Баястан Ноябидинов 6 жылдын ичинде жогорку окуу жайда ар кыл иш-чараларга активтүү катышкандыгы үчүн 45 ардак баракча, сертификаттардын ээси болду. Ал Биринчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына катышкан. Бийлеп чарчаганынан уктап калса, тайпалаштары анын бетин кооздоп боёп салышкан окуясы эсинен кетпейт. Кабарчыбыз студент менен таанышты.

Баястан Ноябидинов 1997-жылы 5-апрелде Ош обласунун Кара-Кулжа районуна караштуу Жаӊы-Талаа айылында төрөлгөн.

«2018-жылы Көчмөндөр оюнуна студенттерди массовкага жана бийге катыштырып, алып барып келгем. Ал жерде 1,5 айдай болдук. Ошентип, Ысык-Көлдө, күнүгө Көчмөндөр оюнуна даярдык көрүп жүрүп, бир күнү аябай катуу чарчап уктап калыптырмын. Ошондон пайдаланган студенттер менин бетимди каалашынча боёп, ойношуптур. Ойгонсом баары эле кыткылыкташат. Дароо эле бир нерсе болгон экен деп шекшидим. Көрсө, бетимди аябай эле кооздоп коюшуптур. Мындай окуялар көп. Бирок, негедир ушул окуя эсиме түшө берет. Биздин Кыргыз улуттук агрардык университетинен жалпысынан 97 студент барып катышып келгенбиз. Ошолорду көзөмөлдөп, мугалимдер менен бирге куратор болуп барганыма Кудайым мүмкүнчүлүк берди», - деди ал.

Баястан учурда экономика жана маалыматтык система факультетинин 4-курсунун студенти. «Негизи университетте окуган 6 жыл ичинде көптөгөн ийгиликтерди багындыра алдым десем жаӊылышпайм. Мен окуган университет өтө көп мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди. Карылар үйүнө, балдар үйлөрүнө эстрада жылдыздары менен бирге иш-чараларды өткөрүп, концерт койдук. Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чараларга да катышып, байгелүү орунду алдык. «Энактус» фестивалына да катышып келдик. Ар кандай иш-чараларга уюштуруучу, алып баруучу, сценарист катары активтүү катышып келе жатам. Ушул студенттик күндөрдөгү коомдук иштерге катышып, ушул 45 ардак баракча, сертификаттарга ээ болуптурмун. Университетте жарым жылдан ашык жогорку студенттер кеӊешинин төрагасы болдум. Дебаттарга да аябай кызыгып, катышып келем. Жөнөкөй дебаттардан республикалык деңгээлдеги дебаттарга чейин катыштым», - деп айтып берди студент.

«Келечекте максаттар көп. А бирок айтсаӊ эле ишке ашпай калат экен. Ошон үчүн өзүмдө эле сыр бойдон калсын. Азырынча бойдокмун», - деп кошумчалай кетти ал.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, жатаканадагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up