Ак-Талаанын спорт мектебинде тогуз коргоол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Ак-Талаанын спорт мектебинде тогуз коргоол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа райондук «Тайлак баатыр» балдар-өспүрөмдөр спорт мектебинин тогуз коргоол ийриминин окуучулары арасында тогуз коргоол боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу машыктыруучу Гүлжаз Капарбекова билдирди.

Маалым болгондой, 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата аталган спорт мектебинин тогуз коргоол боюнча мугалими Айтбүбү Насирдинованын уюштуруусунда тогуз коргоол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Жумабек уулу Эржан жана Адилхан Орозобеков, 2-орунду Нурислам Акылбеков жана Акылбеков Темирлан, 3-орунду Жанара Турарбек кызы жана Асылбек кызы Назми ээлешти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up