Кеминдеги №3 орто мектебинин башталгыч класстарында Эл аралык эне тил күнү белгиленди (сүрөт, видео)

Кеминдеги №3 орто мектебинин башталгыч класстарында Эл аралык эне тил күнү белгиленди (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-методикалык кабинетинин жылдык планынын негизинде Н.Давлесов атындагы Кемин №3 орто мектебинин башталгыч класстарында Эл аралык эне тил күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — кыргыз, өзбек, орус элдеринин маданиятын,к аада-салтын, үрп-адатын, тилин, дилин, макал-лакаптарын, элдик ырларын билүү, үйрөнүү, даңазалоо, урматтоо.

Эне тил күнүндө 4-«А» класстын окуучулары өздөрүнүн өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүштү. Иш-чараны Абдылдаев Элмырза комуздун коштоосунда кыргыз-өзбек тилинде эки элдин достугун бекемдеген айтыш менен ачып берди. Ошондой эле өзбек тилиндеги саламдашуу Талайбекова Айгеримдин айтуусунда жаңырды. Абдрахманова Бегимай, Аттокурова Нуркыз, Камчыбеков Уларбек, Кубатбеков Милдар акыйнек айтышты. Ал эми өзбек элинин «Кыпыляма» (кыргызча «Кылтылдаба») ырын Еркимбеков Азамат менен Марианна мыкты чеберчилик менен тартуулашты. Балдар-кыздар «Жалын бий», «Андижан полькасы», «Калинка-Малинка» бийлерин аткарышты. Кыргыз, өзбек тилдеринде макалдар Маликов Атаке, Жумабеков Илгиз, Осмонов Бек, Эсентуров Алихан тарабынан катыра айтылды. Каада-салттардан кыргыз улуту өзбек улутуна кыз узатып, өзбектер «Келин салом» салтын тартуулашты. Каада-салтты Асанбекова Сайкал, Абдрахманова Бегимай, Жакыпбекова Гүлсүнайым, Абдылдаев Элмырза, Болотов Ильяс, Айтпаева Сезим, Болотова Айдана, Чоюнбекова Айдана, Мелисбеков Артур, Уланова Майрамкүл, Жумакадыров Жолдубай көркүнө чыгара аткарышты.

Ал эми 4-«Б» классынын окуучулары Жанышбекова Саида, Даниярова Адеми, Уметбекова Арууке, Каныбекова Сезим, Мелисбекова Бегимай, Комбаева Айдана, Бекболотова Нурпери орус элинин бийин бийлешип, өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтө алышты. Класс жетекчиси Зулейха Шаршеева өзү жаш болсо да, аракети күч экендиги көрүнүп турду.

Комиссия мүчөлөрү: Бейшеке орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Гүлзат Акунова, Орловка №2 орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Тумар Акматова, Н.Давлесов орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Дамира Сариева, мектеп директору Дилбар Асанкулова, директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Нурия Тилегенова, тарбия иштери боюнча орун басары Анара Жаманкулова, башталгыч класстын усулдук бирикмесинин жетекчиси Айзада Шакирова эки класс катышкан иш-чарага бир добуштан жогорку баа беришти. Алар ошондой эле жаш мугалимдин ишине ийгилик каалашып, эки класстын эжейлеринин даярдыгы мыкты деңгээлде экендигин жана окуучулардын активдүүлүгү жогору болгондугун айтышты.

Иш-чарага райондун мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери, мектеп администрациясы, райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Аязгүл Чочкеева катышты.


Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up