Нарындагы илимий китепканада китепканачылар тажрыйба алмашты

Нарындагы илимий китепканада китепканачылар тажрыйба алмашты

Билим АКИpress - НМнун алдындагы Ж.Саалаев атындагы илимий китепканасындагы Мугалимдердин билимин өркүндөтүү борборуна курска келген райондук-шаардык мектептердин китепканачылары үчүн «Заманбап китепканалык иш-чаралар» аттуу окуу семинары өттү.

Семинардын жүрүшүндө окурмандардын китепканадан пайдалануу эрежелери, тейлөө бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү, актуалдуу темалар жана белгилүү даталарга карата уюштурулган иш-чаралардын түрлөрү, аларды уюштуруу, китеп топтоо жана иштеп чыгуу, электрондук бөлүмдүн ишмердүүлүгү, системалык-алфавиттик каталог маселелери боюнча маалымат берилди.

Илимий китепкананын ар бир бөлүмүнө экскурсия уюштурулуп, курстун катышуучулары иш кагаздар менен таанышып, үлгүлөрүн алышты. Башкы имараттагы №2 окуу залынын жана мезгилдүү басылмалар залынын ишмердүүлүгү; мезгилдүү басылмаларга жазылуу, картотекалар, авторефераттар, окумуштуулардын портфолиосу боюнча кеңири түшүнүк берилди. Ошондой эле Т.Токоев атындагы кабинеттин, Америка борборунун китеп фондусу, китепканалык иштери менен таанышышты.

Илимий китепкананын №1 окуу залында электрондук каталог, ИРБИС-64-системасы, RDR-программасына окурмандарды каттоо, ачык архив, «Кирлибнет» долбоору, электрондук китептер ж.б. заманбап электрондук ресурстар боюнча кеӊири мазмундагы окуу өткөрүлүп, китепканачылар тажрыйба алышты. Семинардын катышуучуларын китепканадагы электрондук ресурстар кызыктарды. Окуу семинар суроо-жооп менен коштолуп, катышуучулар заманбап китепканалык иш-чаралар боюнча толук маалымат алышты. Андан сырткары, маалыматтык буклеттер, китепчелер таратылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up