№8 мектептеги чыр: 2 окуучу эми №5 компьютердик гимназияда билим алышат

№8 мектептеги чыр: 2 окуучу эми №5 компьютердик гимназияда билим алышат

Билим АКИpress - Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги №8 мектептеги окуучулардын кырдаалы боюнча маалымат берди. Ведомствонун маалыматы боюнча, ата-энелер менен класс жетекчинин пикир келишпестигинен улам мектепке барбай жаткан 1-класстагы жана 3-класстагы окуучулар эми №5 Улуттук компьютердик гимназияда билим алышат.

«Буга чейин балдар орус тилдүү мектепте окуп, жаңы мектеп кыргыз тилдүү болгондуктан, окуучуларды көнүп кетүү мезгили күтүп турат», - деп белгиледи билим берүү уюмунун директору Муратбек Касымалиев.

Ведомстводон белгилешкендей, ар бир бала билим алуу укугуна ээ.

3-класстагы окуучунун кызыкчылыгын коргогон укук коргоочу Анара Дауталиева билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековага ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, Н.Жусупбекова маселени бир заматта чечип берди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up