Финансы министрлигинде «Ар бир элдин тили – адамзаттын рухий кенчи» аталышындагы илимий иш-чара өткөрүлдү

Финансы министрлигинде «Ар бир элдин тили – адамзаттын рухий кенчи» аталышындагы илимий иш-чара өткөрүлдү

Билим АКИpress - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде 2019-жылдын 22-февралында «Ар бир элдин тили – адамзаттын рухий кенчи» аталышындагы илимий, интеллектуалдык деңгээлдеги иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага финансы министринин орун басары Алмаз Азимов, Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан
Акматалиев, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү жана финансы министрлигинин Борбордук аппаратынын кызматкерлери катышты.

Иш-чарада А.Акматалиев эне тилинин учурдагы абалы, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымы жана орду, ошондой эле кыргыз тилин мындан ары өнүктүрүүгө болгон иш-аракеттер тууралуу баяндама жасады.

Ал эми финансы министринин орун басары Алмаз Азимов министрликте кыргыз тилин өнүктүрүүдө бир катар жигердүү иш-чаралар кабыл алынып, 2019-жылдын аягына чейин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү толук ишке ашарын кошумчалады. Ошондой эле ал тилди толук өздөштүрүү максатында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча окуулар уюштурулуп, мамлекеттик кызматкерлер тиешелүү деңгээлдеги сынактардан өтө тургандыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, жолугушууда Улуттук илимдер академиясынын атынан Ч.Айтматовдун 10 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы Финансы министрлигине белекке берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up