Жогорку аттестациялоо комиссиясында жыл ичинде 55 диссертациялык кеңеш ишмердүүлүк жүргүздү

Жогорку аттестациялоо комиссиясында жыл ичинде 55 диссертациялык кеңеш ишмердүүлүк жүргүздү

Билим АКИpress - Жогорку аттестациялоо комиссиясында жыл ичинде 55 диссертациялык кеңеш ишмердүүлүгүн жүргүздү. Бул тууралуу ЖАКтын башкы илимий катчысы Нургүл Атабекова жыл жыйынтыгы боюнча өткөн жыйында билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 55 диссертациялык кеңештин ичинен 18 — коомдук-гуманитардык илимдер боюнча, 16 — техника илимдери боюнча жана 21 — медицина, агрардык илимдер боюнча иш алып барды.

Техника илимдери жаатында 16 диссертациялык кеңеш 46 адистик боюнча, медицина, биология жана агрардык илимдери тармагында 21 диссертациялык кеңеш 58 адистик боюнча, ал эми коомдук илимдер жаатында 18 диссертациялык кеңеш 36 адистик боюнча ишмердүүлүк жүргүздү.

Нургүл Атабекованын баяндамасында айтылгандай, ЖАКтын негизги функциясы — илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоого көбүрөөк басым жасоо.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up