Оштогу чыгармачылык борборлордун мугалимдери тажрыйба алмашты (сүрөт)

Оштогу чыгармачылык борборлордун мугалимдери тажрыйба алмашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунда усулдук уюштуруу бөлүмү тарабынан улуттук маданият жана тил багытында районодук семинар-тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган борбордун усулдук бөлүмүнүн усулчусу Калыскан Акматова маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, иш-чарага Ош облусундагы БЧБларда эмгектенген 32 ийрим мугалимдери жана окуу бөлүм башчылары катышты. Семинардын максаты — алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу жана ийрим мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу.

Семинарды Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун директору Р.Назаров ачты. Ал борбордун жетишкен ийгиликтери жөнүндө маалымат берип, иш-чарага ийгилик каалады. Андан кийин Кара-Суу райондук БЧБнын бий ийриминин мугалими Таласбек кызы Айдай өзүнүн иш тажрыйбасы менен бөлүшүп, семинардын катышуучуларын бийлетип, өзүнүн кесиптик чеберчилигин көрсөттү.

Ош облустук БЧБнын улуттук маданият бөлүмүнүн «Таң булбулу» ийриминин мугалими К.Калбаев «Р.Абдыкадыров 78 жашта» жана Өзгөн райондук БЧБнын «Көктөм» ийриминин мугалими У.Султанова «Алыкул жана ыр дүйнө» деген темада сабак өтүп, өздөрүнүн иш тажрыйбалары менен бөлүштү.

Иш-чараны Ош облустук БЧБнын усулдук уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Г.Турдубаева жыйынтыктап, ийрим мугалимдерине ийгиликтерди каалап, ыраазычылык билдирди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up