Москва районунда мектеп директорлору жаңы мамлекеттик стандартта окутууну талкуулашты (сүрөт)

Москва районунда мектеп директорлору жаңы  мамлекеттик стандартта окутууну  талкуулашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Москва районундагы №3 Беловодск мектеп-лицейинин базасында мектеп директорлорунун семинары өткөрүлдү. Анда «Мамлекеттик жаңы билим берүү стандартынын алкагында даражалуу мектептин ишмердүүлүгү» деген темада иш мерчемдери белгиленип, инновациялык табылгаларды чагылдырган педагогикалык-методикалык көргөзмөлөр, видеотаанымдар жана ачык сабактар жүргүзүлдү.

Семинардын жүрүшү, максаты, милдети жана анда камтылган маселелер жаатында лицейдин илимий- методикалык иштери боюнча башчысы Зухра Байчорова аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, семинарда мектеп-лицейдин чыгармачыл мугалимдери тарабынан 1-11-класстардын окуучуларына окутуунун жаңы технологияларын колдонуу менен 10 ачык сабак өтүлдү. Тактап айтканда, мектепте окутуу орус тилинде жүргүзүлгөндүктөн, 4-класста «Стихийные бедствия, чрезвычайные ситуации», 8-класста «Кожа —одежда на все времена» жана 10-класстарда «Культура кыргызов» атуу ачык сабактар өткөрүлдү.

«Биздин лицей «Электрондук китепкана» долбоору боюнча райондо негизги борбор жана таяныч. Андагы өзгөчөлүктөр, иштөө механизмдери жана бардык окуу-тарбия мекемелерине теориялык-практикалык жардам берүү мүмкүнчүлүгүнүн кеңири экендиги жөнүндө лицейдин директору Жайыл Иманалиев маалымат берди. «Электрондук китепкана» түшүнүгү түрдүү пикирлер, суроо-жооптор менен толукталды.

Ал эми семинарды жетекчиликке алган райБББнүн башчысы Насирдин Тезекбаев Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында окутуунун жаңы инновациялык технологияларын колдонуу зарылчылыгын белгиледи. Бул күнкү иш-чарада билим берүүнүн актуалдуу маселелери көтөрүлгөнүнө токтолду. Эң башкысы — семинардын натыйжалуулугуна, директорлордун ишмердүүлүгүнө, адистик компоненттүүлүгүнө басым жасалды», - деп айтып берди илимий-методикалык иштердин башчысы Зухра Байчорова.

Семинардын соңунда окуучулар тарабынан театралдаштырылган көрүнүштөр, көркөм-окуулар жана ыр-бий өнөрлөрү тартууланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up