Бишкекте өспүрүмдөр үчүн «48 саатка жок болуп кет» оюну пайда болдубу?

Бишкекте өспүрүмдөр үчүн «48 саатка жок болуп кет» оюну пайда болдубу?

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы мектептерде өспүрүмдөр үчүн пайда болгон кооптуу оюн боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Оюн «48 саатка жок болуп кет» деп аталат. 27-февралда Билим АКИpress басылмасына шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова билдиргендей, мектептерде тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары менен жыйын өтүп, анда окуучулардын ата-энелери менен иш алып барылып жатканы айтылды.

Маалыматтарга караганда, оюндун уюштуруучулары өспүрүмдөргө үйдөн кетип калууну, телефонун өчүрүп коюуну жана 2 күн эч кимге кабар бербей, дайынсыз болуп кетүүнү сунушташат. Издөө органдарынын баракчаларында, ЖМКда жана социалдык тармактарда ата-энелерден, достордон балдардын жоголуп кетүүсү тууралуу маалыматтар канчалык көп болсо, катышуучуга ошончолук упай топтолот.

Бишкектин окуучулары арасында дайынсыз жоголуп кетүү кырдаалы боло элек, деди С.Мейрманова. Анын айтымында, мектептерде окуучулардын ата-энелерине өспүрүмдөрдү убагында көзөмөлдөп, алардын телефондорун да карап туруу айтылууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up