Кадамжайдагы мектептин окуучулары патриоттуулугун далилдешти (сүрөт, видео)

Кадамжайдагы мектептин окуучулары патриоттуулугун далилдешти (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Т.Мадарипов атындагы орто мектебинин 3-классынын окуучулары арасында сынак өттү. Бул тууралуу аталган мектептин башталгыч класстарынын мугалими Акылай Галмаметова билдирди.

Анын айтымында, сынакка 5 бала катышты. Сынактын программасында каралган тапшырмалар:
- Саламдашуу;
- Мекен жөнүндө ыр саптары;
- Мекенди коргоо боюнча сүрөт тартуу жана аны жактоо;
- Мекен жөнүндө обондуу ырлар;
- Бий аткаруу;
- «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун негизинде сөздөн сөз куроо;
- Отжимание жасоо;
- Үй тапшырмасы: «Апам менен бирге...» (сахналаштырылган көрүнүш).

Сынакка М.Шамшиева, А.Асанова, Н.Таштемирова калыстык кылышты. Жыйынтыгында 1-орунду Н.Жолчуев камсыздады. 2-орунду А.Жаныбаев менен Б.Шералиев алышты. Ал эми 3-орунга М.Турдалиев менен М.Жунусалиев ээ болушту.

Иш-чарага ата-энелер, мугалимдер, окуучулар, окуу бөлүм башчысы М.Абдилазизова күбө болушту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up