2018-жылы 268 адамга илимдин кандидаты, 49 адамга илимдин доктору наамдары ыйгарылган

2018-жылы 268 адамга илимдин кандидаты, 49 адамга илимдин доктору наамдары ыйгарылган

Билим АКИpress - 2018-жылы 268 адамга илимдин кандидаты окумуштуулук наамы, 49 адамга илимдин доктору окумуштуулук даражасы ыйгарылган. Бул тууралуу ЖАКтын башкы илимий катчысы Нургүл Атабекова жыл жыйынтыгы боюнча өткөн жыйында билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 2018-жылы диссертациялык кеңештердин ишмердүүлүгүнө 771 окумуштуу тартылган. Алардын ичинде 649 илимдин доктору, КР Улуттук илимдер академиясынын 21 академиги, 24 мүчө-корреспонденти, 128 илимдин кандидаты, ошондой эле чет мамлекеттен келген 85 жаран бар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up