Ат-Башыда окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иш-чаралары жүрүүдө (сүрөт)

Ат-Башыда окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иш-чаралары жүрүүдө (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районунун мектептеринде кылмыштуулук, жугуштуу оорулар, рэкетчилик, зордук-зомбулук, адам сатуу фактыларын алдын алуу максатында окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, иш-чаранын башталышында окуучулар форум-театр тартуулашты. Мектепке келген ата-энелер мамлекеттик кызматкерлерге тийиштүү суроолорду беришип, жооп ала алышты.

Иш-чарага Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмү, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Ажар Дюшеналиева, райондун прокурору Алмаз Суранов, РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштеөө инспектору, ага тескөөчүсү Санжарбек Сатаров, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Жайлоо Асаналиев, Санэпидемкөзөмөлдөө борборунун өкүлү Талант Кулубаев, Ат-Башы айыл өкмөтүнөн башчысы Кубан Жапаров, үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Танзила Вагизова жана Ат-Башы жаштар коомунан Казыбек Кулуев катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up