Токтогулда окуучулар 10 жыл мурун авариялык деп табылган мектепте билим алууга аргасыз, - депутат

Жогорку Кенеш
Жогорку Кенеш

Билим АКИpress - Депутат Нурбек Тотонов («Республика — Ата-Журт») 28-февралда парламенттин жыйынында авариялык абалдагы 2 мектептин маселесин көтөрдү.

Тагыраагы, ал Токтогул районунда жайгашкан Казатов атындагы мектеп тууралуу айтты. Мектеп 1980-жылы 210 орунга ылайыкташтырылып курулган.

«Мектептин абалы аябай жаман. ӨКМ мектепин авариялык абалы жөнүндө корутундуну 2009-жылы эле чыгарган. Окуу процессин токтотпоо үчүн окуучулар ушундай бузулган имаратта билим алууга аргасыз болушууда. Билим сапаты төмөндөп жатат», - деди Н.Тотонов.

Ал бул мектепке көңүл бурууну суранды. «Жаңы мектептин курулушу 4 жыл мурун башталган. 2018-жылы 5 млн сом которуп беришмек, бирок 2 млн сом гана которушкан», - деп кошумчалады депутат.

Эл өкүлүнүн айтымында, ушундай эле кырдаал Ничке-Сай айылындагы Шабданов мектебинде орун алган. Тендер өтүп, бирок маселе токтоп калган.

«Биз авариялык мектептердин ордуна жаңы мектептерди куруу маселесин көзөмөлгө алууну, өзгөчө, каражаттарды убагында бөлүп берүүнү суранабыз», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up