Депутат «Сапат» мектебиндеги кемсинтүү фактыларын текшерүүнү суранууда

Депутат «Сапат» мектебиндеги кемсинтүү фактыларын текшерүүнү суранууда

Билим АКИpress - Депутат Талант Мамытов («Республика — Ата Журт») 28-февралда парламенттин жыйынында «Сапат» (мурунку «Себат») окуу мекемелери жөнүндө интернет булактарында жана ЖМКда тараган маалымаатар тууралуу айтты.

«Окуу мекеменин окуучулары менен ата-энелердин кайрылуулары туурасында айтылып жатат. Силер билесиңер, көпчүлүк мамлекеттерде «Себат» эл аралык сепаратисттик уюм катары жабылган. А бизде «Сапат» деп өзгөртүшкөн», - деп эскертип өттү ал.

Депутат кайрылууда бузуулар тууралуу айтылганын билдирип, алардын айрымдарына токтолду. «Аларда диний ырым-жырымдар бар окшойт. Биринчи жылы бизди даараткана жууганга мажбурлашчу. Мээлей колдонууга да уруксат беришчү эмес. Жеңил кийим менен 5 жолу казча айлантып бастырышчу. Эсимде, бир жолу таң атканча бир бут менен тургам», - деп жазып жатышат.

Дагы бир билдирүүдө: «Биздин лицейдин бөлүм башчысы жогорку класстын окуучуларына атайын убакыт бөлүп берчү. Алар болсо кичүүлөрдү сабашат. Бизди, 30-50дөн адамды бир класска киргизип алып, 10-15 чакты жогорку класстагы окуучулар кезек менен бизди сабашып, бетке, ичке тепкилешчү. Ошол убакта бөлүм башчы эшик сыртында турчу», - деп айтылат. Мына ушундай фактылар тууралуу жазышууда», - деп окуп берди кайрылууну депутат.

«Менин оюмча, кандай гана окуу жай болбосун, кимдики болбосун, алар улуттук мыйзамдын талаптарын аткарышы керек. Бул түзөтүү-эмгек колониясы эмес, а окуу мекемеси», - деп билдирди Т.Мамыров.

Ал Жогорку Кеңештин төрагасына тиешелүү органдар менен Билим берүү жана илим министрлигине протоколдук тапшырмаларды берүүнү сунуштады. «Карап чыгып, мыйзамга ылайык чараларды көрүшсүн. Балдар сапаттуу билим алышы үчүн ата-энелер акча төлөп жатышат, а ал жакта ушундай», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up