Жумгалда окуучулар зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүшкө чыгышты (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Жумгалда окуучулар «Зордук-зомбулукка каршыбыз, рэкетчилик жогол!» деген ураандын астында жөө жүрүшкө чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара райондун борборундагы Т.Турсунбаева мектебинде улантылды. Райондогу башка мектептерде да зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чараны Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Г.Исакова жетектеп, алгач жөө жүрүш болду. Андан соң Т.Турсунбаева мектебинде класстык сааттар өтүлдү.

Иш-чарага райондук прокуратура, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү, Чаек айыл өкмөтүнүн соцкызматкерлери жана жаштар бирикмелери менен Жумгал РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору көмөктөштү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up