Панфилов районундагы мектепте «Жомок артынан жомок» аттуу театр-форум өткөрүлдү (сүрөт)

Панфилов районундагы мектепте «Жомок  артынан  жомок» аттуу  театр-форум  өткөрүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка орто мектебинде «Жомок артынан жомок» аттуу театр-форум өткөрүлдү. Ага мугалимдердин жетектөөсүндө башталгыч класстардын окуучулары катышып, жомоктор дүйнөсүнө саякат жасоо менен театрлаштырылган -сахналаштырылган көрүнүштөрдү тартуулашты. Иш-чаранын өтүлүшү, билим-тарбия берүүдөгү жомоктордун ролу тууралу мектептин чыгармачыл мугалими Разия Токтогулова аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, кенже класстардын окуучуларынын боёо сезимдери, жаш өзгөчөлүктөрү жомоктор дүйнөсүнө жакын болгондуктан, окуу программасында кеңири орун алган. «Жомок —жашоонун кыйыр же тике маанисинде чагылдырылган реалдуу чындыгы. Окумуштуулар белгилегендей, жок жерден жомок жаралбайт. Анда нукура 2 чындык жашайт. Биринчиси — мурда болуп өткөн тарыхый чындык. Экинчиси — келечекте боло турган турмуш чындыгынын фантазияланган образдуу көрүнүшү. Ушуларды негиз тутуу менен жомок артынан улам жомок жараткан элибиздин акылмандыгы, турмуштук бай тажрыйбасы окутуунун таалим-тарбиялык маанисин балдарга балдар аркылуу жеткирүү театр-форумдун максатын ачыктаган.

Бул иш-чарада балдардын жомокко образдуу кирип кетүүсү, чыгармачылык дарамети жогорку деңгээлде сыпатталды. Үн кубулжутуп, көркөм окуусу, жомоктун негизги идеясын аң-сезимдүү кабылдоосу, сахналык чеберчилиги тастыкталды. Маселен, чыгармачыл мугалимдер Нурзаада Асанова, Адила Кошоева жана Дилбара Кадырбаеванын биргеликте даярдаган «Хан дарбыз», «3 көпөлөк» жана башка жомоктордун театралдаштырылышы педагогикалык-методикалык чеберчиликти тастыктап турат.

Биздин мектепте мындай иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп келет. Анда тематикалык көргөзмөлөр, балдар жараткан эмгектер катышуучуларга баяндалат. Эң башкысы — жомок аркылуу этнопедагогикалык, этномаданий түшүнүк берүүгө аракет жумшайбыз», - деп айтып берди Р.Токтогулова.

Театр-форумда «Манас» эпосунан үзүндүлөр аткарылып, алдыңкы окуучуларга алкоо сөздөрү айтылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up