Аравандагы мектепте соцпедагогдор тажрыйба алмашты (сүрөт)

Аравандагы мектепте соцпедагогдор тажрыйба алмашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош облусунун Араван районундагы З.Бабур атындагы №15 орто мектебинде 28-февраль күнү «Социалдык педагогдун иш кагаздарын жана иш тажрыйбасын жайылтуу» деген темада семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нургазы Мирзаев маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, иш-чарага райондук администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Музаффар Мамасаидов, Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мурзабек Акматалиев, А.Анаров айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Мурадилжан Тухтасинов, райондогу мектептердин соцпедагогдору жана ЖӨИнин инспектору, милициянын капитаны Айганыш Чоноева жана башкалар катышышты.

Семинар 3 бөлүктөн турду. 1-бөлүгүндө тарбиялык ачык сааттар өтүлдү:
- «Көзүбүз тирүүсүндө бардык нерсени оңдоого болот!» (өспүрүмдөр арасында суициддин алдын алуу) — 11-класс;
- «Биз зордук-зомбулукка каршыбыз!» — 8-класс;
- «Эрте турмуш куруу» — 9-класс;
- «Өспүрүмдөр арасында укук бузуулар» — 10-класс.

2-бөлүгүндө соцпедагогдордун иш кагаздарынын көргөзмөсү болду.

3-бөлүктө «Балдар — биздин келечегибиз!» аттуу музыкалык кече орун алды.

Иш-чарага келген коноктор даярдык жогору экенин баса белгилешип, мектеп жамаатына жана окуучуларга ыраазычылык билдиришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up