Аксыдагы мектептерде англис тилин өнүктүрүү аракети көрүлүүдө (сүрөт)

Аксыдагы мектептерде англис тилин өнүктүрүү аракети көрүлүүдө (сүрөт)

Билим АКИpress - Аксы районундагы мектептерде англис тилин өнүктүрүү аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу райондук билим берүү башкармалыгынын окуу усулдук канасынын усулчусу Махабат Мырзаканова билдирди.

Анын айтымында, Аксыдагы мектеп мугалимдерине аглис тили окутулуп, окуучулар арасында сынак уюштурулду. «Аксы районунун бардык мектептеринде «Англис тилинин 10 күндүгү» өткөрүлдү. Анын алкагында окуучулар арасында ар түрдүү темада сынактар, англис тили мугалимдеринин билимин өркүндөтүү багытында окутуу уюштурулду. Мектеп мугалимдерине жогорку окуу жайдан келген мугалимдер сабак өтүштү», - деди ал.

Аксы районунда 65 мектеп бар. Бирок жыл сайын өткөн англис тили боюнча олимпиадага окуучулар катышпай калат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up