Кеминдеги мектептерде англис тилине болгон кызыгуу жогорулатылууда (сүрөт)

Кеминдеги мектептерде англис тилине болгон кызыгуу жогорулатылууда (сүрөт)

Билим АКИpress - Кемин райондук билим берүү бөлүмү окуучулардын англис тилине болгон кызыгуусун жана билим сапатын жогорулатуу максатында райондун бардык мектептеринде 11-22-февралда 10 күндүк жарыялаган. Бул тууралуу аталган райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Асылкүл Мурзалиева билдирди.

Анын маалыматы боюнча, ар бир мектепте 11-февралдан 22-февралга чейин атайын план түзүлүп, анын негизинде иш-чаралар өткөрүлдү. Бардык мектептерде англис тилинен ачык сабактар, класстык сааттар өтүлүп, мектеп окуучулары менен райондун мектептериндеги англис тили мугалимдеринин жолугушуулары, конференциялар, көркөм окуу, макал-лакаптар, жаңылтмачтар сынактары өткөрүлдү. «Англис тили — эл аралык баарлашуунун тили» деген темада дубал гезиттер чыгарылды. Сүрөт көргөзмөлөрү, англис тилинде мультфильмдер, «Англис тилинде сүйлөгөн өлкөлөр» аттуу видеотасмалар, слайддар көргөзүлүп, англис тилинде обондуу ырлар сынактары да уюштурулду.

Иш-чараларга активдүү катышкан окуучулар мектептин грамоталары менен сыйланынышты.

Райондук деңгээлдеги иш-чаралар 19-февралда Шабдан орто мектебинде жана 21-февралда Н.Давлесов атындагы Кемин №3 орто мектебинде өткөрүлдү.

Т.Абдымомунов атындагы Жаңы-Алыш орто мектебинин англис тили мугалими Гүлгаз Шаршеналиева 6-класстын окуучуларына «Containers» деген темада ачык сабак өтүп, райондун мектептеринен келген мугалимдердин ыраазычылыгына ээ болду.

Кайынды, Шабдан-Ата, Калмак-Ашуу, Тар-Суу, Тегирменти, Карал-Дөбө, Кызыл-Байрак орто мектептеринин англис тили мугалимдери биргеликте даярдаган класстан тышкаркы иш-чара да окуучулардын англис тилине болгон кызыгууларын арттырды. Иш-чарада «Улуу Британия жана англис тилинде сүйлөгөн өлкөлөр» аттуу видеотасма көрсөтүлдү. Окуучулар ырлырды көркөм окушуп, жаңылтмач, макал-лакаптарды айтышып, жомокторду сахналаштырышты. Өзгөчө, Тегирменти орто мектебинин окуучусу А.Шаршееванын аткаруусундагы «Yesterday» ыры, Кайыңды орто мектебинин 5-классынын окуучулары сахналаштырылган «The Turnip» жомогу мактоого татыды.

Англис тилинин 10 күндүгүнүн жабылуу аземи Н.Давлесов атындагы №3 орто мектепте өткөрүлдү. Анда Орловкадагы №1 орто мектептин англис тили мугалими Чолпон Кармышбекова алып барды. Иш-чара «Биз эмне үчүн англис тилин үйрөнөбүз?» аттуу слайд менен башталды. Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө «Англис тили — эл аралык баарлашуунун тили» дубал гезиттер сынагы, ырларды көркөм окуу, «Улуу Британия-Кыргызстан» темасында викториналык суроолор, «Ким көп сөз билет, мен англисче сүйлөй алам» сынагы өткөрүлдү.

Дубал гезиттер сынагында М.Кашаганов атындагы Ак-Бекет орто мектеби менен «Нур» орто мектебинин дубал гезиттери мыкты деп табылып, биринчиликти алышты жана I даражадагы дипломго ээ болушту. Көркөм окууда «Нур» орто мектебинин 6-классынын окуучусу Керемет Мажитова жана Орловкадагы №1 орто мектебинин 10-классынын окуучусу Элиста Мукамбетов 1-орунду алышты. Викториналык суроолорго жакшы жооп берген Кемин мектептеринин командасы жана Кемин №3 орто мектебинин окуучулары жеңүүчү деп табылды.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө Ж.Садыков атындагы №1, Н.Давлесов атындагы №3, А.Сурантаев атындагы №2, М.Кашаганов атындагы Ак-Бекет, Ашыралиев атындагы Кызыл-Октябрь орто мектептеринин окуучулары тарабынан даярдалган сценкалар аткарылды.

Ж.Садыков мектебинин 9-10-11-класстарынын окуучуларынын англис тилиндеги «Жим жана Белла», 5-классынын окуучуларынын «Кафеде» сценкалары, Кызыл-Октябрь орто мектебинин 10-классынын окуучуларынын «Көчүү» сценкалары аткарыллы. Ал эми Ак-Бекет орто мектебинин 10-классынын окуучуларынын флэш-мобу, Кызыл-Октябрь орто мектебинин 9-классынын окуучусу К.Юнусалиеванын аткаруусундагы «Англис тили бардык жерде» ыры көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөр менен активдүү катышкандар сыйлыктарды алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up