Кочкордун мектептери менен «Мугалим» журналынын кызматташтыгы талкууланды

Кочкордун мектептери менен «Мугалим» журналынын кызматташтыгы талкууланды

Билим АКИpress - Кочкор районунун Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында «Мугалим» илимий-педогогикалык журналынын жамааты менен райондогу мектеп директорлорунун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган журналдын Кочкор району боюнча координатору Жанара Асанова маалымдады.

Белгилүү болгондой, 2019 – Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында, Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына карата «Мугалим» илимий-педогогикалык журналынын редактору жана жамааты менен Кочкор районунун мектеп директорлорунун чогулушу өттү. Анда журнал менен мектептердин ортосунда кызматташуу маселеси талкууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Мугалимдин кесиптик компетентүүлүгү» деген темада тренинг өттү. Тренингде жаш мугалимдердин имиджи, облиги жана окуучулар менен тил табыша билүүсү сыяктуу маселелер боюнча талкуу болду. Иш-чаранын соңунда активдүү катышкан мугалимдерге белектер берилип, сертификаттар тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up