Ат-Башыдагы Баш-Кайыңды айылынын мыкты мугалимдери аныкталды (сүрөт)

Ат-Башыдагы Баш-Кайыңды айылынын мыкты мугалимдери аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылынын Чыпай Асеков атындагы орто мектебинин 34 жашка чейинки мугалимдери арасында мыкты мугалимди тандоо максатында сынак өттү. Ага аталган мектептен 18 мугалим катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Аталган мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Акматбек Токтобековдун айтымында, «Жыл мугалими - 2019» кароо-сынагынын негизги максаты – келечекте жакшы, улуу педагогдорду тарбиялоо жана такшалтуу. «Бул сынак 15-январда эле башталган, 1,5 айдан бери биздин катышуучуларыбыз 6 сынактан өтүп келишти. Бүгүнкү күндө жыйынтыктоочу этапта актердук чеберчиликтерине баа берилди. Ага чейинки этапта педагогикалык чеберчиликтерине баа берилип, бүгүн жаш педагогдорубуздун өнөрлөрүнө күбө болуп, жыйынтыгы чыкты», - деди ал.

«Жыл мугалими - 2019» кароо-сынагынын жыйынтыгында баш байгени башталгыч классынын мугалими София Эшмамбетова жеңип алды. 1-орунду химия мугалими Айгүл Токтогазы кызы, 2-орунду биология мугалими Бегай Эмирова жана 3-орунду англис тили мугалими Айдана Марсбекова камсыз кылышты.

Чыпай Асеков атындагы орто мектебинде жалпы 75 мугалим эмгектенет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up